Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен бетме-бет сүйлөштү
RU

Садыр Жапаров Эмомали Рахмон менен бетме-бет сүйлөштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Самарканд шаарында (Өзбекстан) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмунун Саммитинин аянтчасында жолугушту.

Тараптар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Эки өлкөнүн лидерлери тийиштүү түзүмдөргө ок атышууну токтотуу жана ок атышуу линиясынан куралдуу күчтөрдү жана каражаттарды чыгаруу боюнча тапшырма берүүнү макулдашты.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын мамлекеттик коопсуздук министри Саймумин Ятимов жеринде иштеп, окуянын жагдайларын жана себептерин иликтөө үчүн комиссия түзүлөт.

Ошондой эле мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тездетүү боюнча макулдашуу жетишилди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи. Кагылышуунун кесепетинен 42 адам жабыркаганы такталган. Ал эми 15 жаштагы кыз снаряддын сыныктарынан жаракат алып каза тапты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8404