Камчыбек Ташиев: Кагылышуу 1-2 сааттын ичинде токтоп калат деген ойдомун
RU

Камчыбек Ташиев: Кагылышуу 1-2 сааттын ичинде токтоп калат деген ойдомун

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги эки тараптуу кагылышуу боюнча билдирүү жасады. Ал сүйлөшүүлөр бүтүп, комиссия түзүлгөнүн айтты.

"Мен азыр эле Тажикстанга барып, жетекчилери, күч түзүмдөрүнүн башчылары менен жолугушуп келдим. Алар менен ок атышууну токтотуу боюнча чечимге келдик. Комиссия түзүлдү. Азыр Кызыл-Бел чек ара заставасында комиссия өз ишин баштады. Биз ок атышууну токтотуу боюнча бардык жакка команда берип баштадык. Жарандарыбыз тынчсызданбасын. Буга чейин кагылышуулар болуп келген. Кагылышуу 1-2 сааттын ичинде токтоп калат деген ойдомун", - деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи. Кагылышуунун кесепетинен 42 адам жабыркаганы такталды. Жергиликтүү тургундар 15 жаштагы кыз каза тапканын айтышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8424