Талант Мамытов: Президент саат беште жыйынга чогултат
RU

Талант Мамытов: Президент саат беште жыйынга чогултат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ак үйдүн астына чогулгандарга Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов чыгып президент Садыр Жапаров саат 17:00до кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча жыйынга чогултарын маалымдады.

Митингге чыккандар Баткенге таз арада кошмча аскер жөнөтүп, жай тургундарды көчүрүүнү талап кылышкан.

Чек ара кызматынын маалыматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал чыңалып турганын жана Баткен районуна караштуу Достук айылындагы мектептин имаратын ээлеп алганын маалымдап, калк жашаган конуштарды аткылап жаткандыктан ага жооп кайтарылып жатканын билдирди.

Жабыркагандардын саны 42ге жетти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8419