Чек ара кызматы: Тажикстан тараптан кагылышууга белгисиз формачан адамдар катышууда
RU

Чек ара кызматы: Тажикстан тараптан кагылышууга белгисиз формачан адамдар катышууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматынан кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу окуяда тажик тарап бир гана оор техниканы эмес, аскердик техниканы да колдонгон фактылар катталганын билдирди. Ошондой эле тажик аскерлери чек арадагы аймактардын тургундарын калкан катары колдонушууда дейт.

Тажикстан тараптан кагылышууга белгисиз формачан жана кандайдыр бир куралдуу түзүмгө таандык белгиси жок адамдар катышууда.

Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда дешти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8423