Жогорку Кеңеш чукул жыйын өткөрүүдө
RU

Жогорку Кеңеш чукул жыйын өткөрүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш бүгүн, 16-сентябрда Тажикстандын куралдуу кол салуусу боюнча чукул жыйын өткөрүүдө. Бул туурасында Kaktus.media"га депутаттар билдиришти.

Жыйын спикер Талант Мамытов тарабынан демилгеленди.

Айтымдарында, жыйынды кырдаалдын курчушу токтогонго чейин үзгүлтүксүз өткөрүү пландалууда. Жыйын жабык эшик артында өтүүдө.

Депутаттар аскердик абал киргизилиши мүмкүн экенин четке кагышкан жок.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө Тажикстан Баткен районунун Эки-Таш участкасына ок чыгарып, башка айылдарга да өттү. Кыргызстандын Чек ара кызматынан тажик тарап мурда жетишилген бардык макулдашууларды бузуп, чыккынчылык менен кол салганын белгиледи. Кагылышуунун кесепетинен 55 адам жабыркап, 15 жаштагы кыз каза тапты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8429