Чек ара кызматы: Тажикстан кошумча күчтөрдү, оор техникаларды тартууда
RU

Чек ара кызматы: Тажикстан кошумча күчтөрдү, оор техникаларды тартууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек ара тилкелеринде абал чыңалуу бойдон турат. Чек ара кызматынын 16-сентябрь саат 23:30га карата берген маалыматы боюнча, тажик тарап ок атууну улантып, айрым аймактарда тирешүү болууда.

Саат 22:20да тажиктер Кыргызстандын "Тамдык" чек ара заставасын аткылашты.

Тажикстандан Кыргыз Республикасынын чек арасына кошумча күчтөрдүн, каражаттардын, оор жана автотехниканын өтүшү катталууда. Тагыраагы, Лейлек жана Баткен райондоруна жакын аймактарда тажик тарап кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра топтоп жатат.

УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы тиешелүү тартипте иш алып барууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8433