Камчыбек Ташиев: Тилекке каршы, жоготууларыбыз көп
RU

Камчыбек Ташиев: Тилекке каршы, жоготууларыбыз көп

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев саат 23:15ке карата чек аранын баардык тилкесинде ок атуу токтогонун билдирди.

"Ок атышуу таңда бардык жерде бирдей башталган. Биз коңшу өлкөнүн чек арасынан өткөн жокпуз. Бул боюнча тажик тарап менен 3 жолу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Ошого карабай абал курчуп жатты. Саат 20:00дөн баштап ок атышуулар токтоду. Бирок бүгүнкү түн жана эртең абал кандай болуп кетерине эч ким кепилдик бере албайт. Ошол эле учурда абал оор. Жарым саат сайын Тажикстандын төрагасы менен сүйлөшүп жатам. Тилекке каршы, жоготууларыбыз да жаракат алгандар да көп. Жоготууларыбыздын көбү аскерлер, ачыгын айтайын, азыр санын тактап жатабыз. Ал эми жай тургундардын арасында жоготуулар азыраак болду. Аларды убагында чыгарып кеттик", - деди Ташиев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8432