Чек ара кызматы: Тажик тарап саат 08:50дө ок чыгарды
RU

Чек ара кызматы: Тажик тарап саат 08:50дө ок чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрь саат 09:00гө карата Чек ара кызматы берген маалымат боюнча Баткенде абал чыңалуу бойдон калууда.

"Тажик аскерлери буга чейинки макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин Баткен районунун Паскы-Арык айылында миномёттор менен аткылады. Саат 8:55те ок чыгаруу токтоп калды", - дешет мекемеден.

Тараптар түн ичинде саат 09:00гө чейин мамлекеттик чек аранын Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде провокациялардын жана ок атышуулардын алдын алуу боюнча иштерди уюштурууну сүйлөшүшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8437