Баткенде жабыркаган 5 балага операция жасалды. Эң кичүүсү 1 жарым жашта
RU

Баткенде жабыркаган 5 балага операция жасалды. Эң кичүүсү 1 жарым жашта

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам 103 жаран жаракат алып, анын 27си Бишкек шаарындагы ооруканаларга жөнөтүлгөн. Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо борборуна 6 бала жаткырылган. Аларга операция жасалганын аталган оорукананын директору Гүлзат Маймерова билдирди.

Айтымында, ооруканага алты бала жана эки чоң адам түшкөн.

"Төрт бала жана эки чоң киши бир үй-бүлө мүчөлөрү. Балдардын эң кичүүсү тогуз айлык. Анын денеси сыйрылып, көк ала болгон. Апасынын талабы менен амбулатордук дарыланууга жөнөттүк. Бүгүн алар дарыгердин кабыл алуусунда болду, абалы жакшы", - деди Маймерова.

Калган беш балага жана бир эркекке кишиге кечээ, 16-сентябрда операция жасалды.

"Алар ар кайсы жеринен октон жана сыныктардан жаракат алышкан. Бүгүн алар өздөрүн жакшы сезип калышты. Кечээ экөө реанимацияда болушкан. Бүгүн алар жалпы бөлүмгө которулду, абалдары орточо оор. Операция болгондордун эң кичүүсү бир жарым жашта", - деп белгиледи Маймерова.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8440