Байгеси миллион сомду түзгөн айтыш токтотулуп, каражат Баткенге жардамга берилди
RU

Байгеси миллион сомду түзгөн айтыш токтотулуп, каражат Баткенге жардамга берилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Калмак-Кырчын айылында республикалык айтыш өтмөк. Иш-чара Курманбек баатырдын элесине арналып, Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов тарабынан уюштурулган.

Бүгүнкүгө белгиленген айтыш токтотулуп, Баткенде шейит кеткен баатырларга куран окулуп, түлөө өткөрүлдү.

Айтыштын 1 миллион сомдук байгесин Тазабек Икрамов гуманитардык жардам катары Баткенге которду.

Белгилей кетсек, Тажикстан 16-сентябрдын таңында Баткендеги бир катар участкаларды аткылап баштаган. Бир нече жолку сүйлөшүүлөргө, макулдашууларга карабай тажик тарап аткылоону бүгүн, 17-сентябрда да улантууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8442