Чек ара кызматы: Тажикстан Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылады
RU

Чек ара кызматы: Тажикстан Оштун Чоң-Алай районундагы заставаларды аткылады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстан бүгүн, 17-сентябрда саат 12:37де Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады. Маалыматты УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

"Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы кыргыз чек арачыларына миномёттордон жана артиллериялык түзүлүштөрдөн ок атылды. Бирок окуянын чыңалуусун токтотуу үчүн кыргыз аскер кызматкерлери биринчилерден болуп ок атууну бир тараптуу токтотушкан. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү күтүлүүдө", - дешет басам сөз кызматынан.

Буга чейин жаңжал Баткен облусунда гана болуп келген. Тажик тарап саат 12:30дан 12:35ке чейин Баткен районунун Төрт-Көчө аймагындагы Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин позицияларын жана бөлүктөрүн аткылашканын кошумчалашты мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8447