Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасын чечүү аракетибизди бир мүнөткө дагы токтотпойбуз
RU

Садыр Жапаров: Кыргыз-тажик чек арасын чечүү аракетибизди бир мүнөткө дагы токтотпойбуз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын куралдуу кол салуусу боюнча социалдык баракчасы аркылуу кайрылуу жасады.

"Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, тилекке каршы, Баткен жергебизде коогалаңдуу окуя - курал-жарак колдонулган жана кан төгүүлөргө алып келген чыр-чатак кайталанды.

Кыргыз-тажик чек ара аймактарында болуп өткөн куралдуу чыр-чатакта мекендештерибиз курман болду. Мекенибиздин чегинде курман болгон мекендештерибиздин үй-бүлөсүнө, ата энелерине жана ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Курман болгон бир туугандарыбыз бир чарчы метр жерди бербей, Мекен чегин көздүн карегиндей сактоо деген ыйык милдетти аткарып жатып курман болушту. Алардын үй-бүлөлөрү ар тараптан камкордукка алынарына сөз берем. Агайын-туугандар, курман болгон ар бир жараныбыз - жалпы кыргызстандыктардын сыймыктуу уул- кыздары. Ошондуктан эл-журтубузга дагы кайрат айтам. Куралдуу кагылыштарда, тилекке каршы, кырчындай өмүрлөр кыйылбай койбойт экен. Кечээги окуяларда биздин эр жүрөк чек арачыларыбыздын жааган октон жалтанбаган эрдигине, душман мизин кайтарган баатырдыгына чоң ыраазычылык билдирем", - деди ал.

Президент куралдуу кагылышта жалаң кыргыз жарандары өлүмгө кирептер болбогонун, тажик тарап дагы оор жоготууларга учураганын белгиледи.

"Чек ара маселеси жөнгө салынбай, жер талашкан учурлардын баары чыр-чатактар менен коштолуп, жоготуулар сөзсүз болгондугуна күбө болобуз. Кандай болгон күндө дагы ата-бабаларыбыздан мурас болуп калган жерибиздин бир чарчы метр жерин да башкаларга бербейбиз. Улуттук кызыкчылыгыбызды бекем коргойбуз! Өзбекстан менен чек ара тилкерибиздин баары такталды, аларды кагазга түшүрүп, тариздөө маселелери гана калды. Ал эми кыргыз-тажик чек арасын тактоо маселелери дагы деле күн тартибинде турат. Тарых тастыктап келе жаткандай, чек ара маселеси - өтө кылдаттыкты, сабырды талап кылган оор маселе. Ошентсе да биз кыргыз-тажик чек арасын ыкчамдатып чечүүгө аракетибизди бир мүнөт дагы токтотпойбуз", - деп жыйынтыктады сөзүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8445