Күндүн сүрөтү: Акжол Махмудов Баткен элине гуманитардык жардам чогултууга көмөктөшүүдө
RU

Күндүн сүрөтү: Акжол Махмудов Баткен элине гуманитардык жардам чогултууга көмөктөшүүдө

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Күрөш боюнча дүйнө чемпиону Акжол Махмудовду Спорт Ордосунда Баткен элине гуманитардык жардам чогултууга жардам берип жаткан сүрөттү жарыяланды. Аны "Апрель" телеканалы Telegram каналына жүктөгөн.

Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда Баткен шаарынын тургундары жана Кыргызстандын чек арасын коргоп жаткан аскер кызматкерлери үчүн гуманитардык жардамдар эки күндөн бери чогултулуп жатат. Ошол жерде Кыргызстандагы эң популярдуу спортчулардын бири Акжол Махмудов жардам берип жүрөт. Ал 11-сентябрда Белградда (Сербия) грек-рим күрөшү боюнча эркектер арасында дүйнө чемпиону болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8452