Баткенди колдоо үчүн айлык акысын которо турчулардын тизмеси
RU

Баткенди колдоо үчүн айлык акысын которо турчулардын тизмеси

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркаган Баткен облусунун тургундарына жардам көрсөтүү үчүн айрым бийлик буттактары жана башкалар өздөрүнүн айлык жана күнүмдүк маянасын которо турган болду.

  • Президенттик аппараттын кызматкерлери (бир күндүк)
  • Бардык министрликтердин командалары (бир күндүк)
  • Башка мамлекеттик органдар (бир күндүк)
  • 13 депутаттан түзүлгөн элдик топ (бир айлык)
  • "Ыйман нуру" фракциясы (бир айлык)
  • Ар бир депутат ыктыярдуу түрдө (көңүлүнөн чыкканын)
  • РСК Банк (бир күндүк)
  • Ысык-Көл облусунун жетекчиси ( жетекчи болуп иштей баштагандан берки маянасын -170 миң сом)
  • Ош мэриясынын кызматкерлери ( жалпы сумма 170 миң сом)
  • "Манас" аэропорту (бир күндүк)

Эгер эмгек акы которула турган болсо даректүү түрдө которуу керектиги айтылды. Анткени VI чакырылыштын депутаттары дагы жазында Баткенде чыр чыкканда айлыгын берип, бирок каражат беш ай бою колдонулбай турган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8449