Баткен менен Чоң-Алайда абал чыңалуу бойдон турат
RU

Баткен менен Чоң-Алайда абал чыңалуу бойдон турат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 17-сентябрь саат 21:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон турат. Маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.

Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу "Гулистон-авто жол" өткөрмө бекетинде өткөрүү пландаштырылган.

УКМКнын Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8462