"Анын балдары бар". Сот эмне үчүн Камчы Көлбаевди бошотконун түшүндүрдү
RU

"Анын балдары бар". Сот эмне үчүн Камчы Көлбаевди бошотконун түшүндүрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык сот Kaktus.media редакциясына Камчы Көлбаевди эмне себептен бошотконун түшүндүрдү. Алардын пикири боюнча, анын майда балдары бар, ошондуктан качпайт.

Такталган маалыматка ылайык, шектелүүчү А.К (Камчы Асанбек, ошол эле Көлбаев), карата көрүлгөн чара, сыртка чыгып кетпөө тууралуу тил катка өзгөртүлдү. Анткени анын туруктуу жашай турган үйү жана ал бага турган жашы жете элек балдары бар.

"Сотко ал качып кетүү аракетин көрөт же тергөө ишине каршылык көрсөтөт, деген айыптоолор боюнча жетишээрлик далилдер көрсөтүлгөн эмес", - деп сот белгиледи.

Эске салсак, бүгүн, 3-мартта Кыргызстандын УКМКсы да Камчы Көлбаевдин бошотулушунун себебин билдирди. Анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом төлөшкөн. Ошол эле учурда Көлбаевдин мамлекетке келтирген зыяны 250 миллион сомго бааланган. Калган сумманы 2021-жылдын апрель айына чейин төгүп бүтүүгө милдеттүү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/846