"Бөрү" отрядынын жоокери жакындары тарабынан изделүүдө
Баткендин Бужум айылында кызмат өтөп жаткан Жамал Тойчиев дайынсыз болууда. Аны жакындары издеп жатканын саясатчы Темирлан Султанбеков жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, Жамал Тойчиев 1985-жылы туулган, "Бөрү" атайын отрядынын жоокери катары Бужумда кызмат өтөп жүргөн.
"Акыркы жолу бир сутка мурда командири менен байланышкан. Анын ата-энесине каза болгонун айтышып, Ошко чакыртышкан. Бирок ал жактан сөөгүн таба алышкан жок. Араңыздарда ал тууралуу билген адамдар бардыр", - деп айтылат билдирүүдө.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/8477