4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жоокер Дыйканбек Бердибек уулу табылды
RU

4 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жоокер Дыйканбек Бердибек уулу табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан бери дайынсыз болуп жаткан 29 жаштагы жоокер Дыйканбек Бердибек уулу табылды. Бул туурасында жоокердин бир тууганы Kaktus.media`га билдирди.

Буга чейин Дыйканбек Бердибек уулу 4 күндөн бери байланышка чыкпай жаткан. Ички иштер министрлигинен анын дайынсыз болуп жатканын ырасташып, изделип жатканын билдирген.

"Иним бизге байланышка чыкты. Анын телефонунун кубаты өчүп калган экен. Телефонун кубаттоого мүмкүнчүлүгү болбоптур", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8506