Чек ара кызматы: Тажикстан тараптан эки ирет ок атылды
RU

Чек ара кызматы: Тажикстан тараптан эки ирет ок атылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде бүгүн,21-сентябрда саат 19:00гө карата абал чыңалды. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматынан кабарлашты.

Аталган мекеменин маалыматы боюнча, саат 18:20дан 18:50гө чейинки аралыкта Тажикстан тараптан Баткен облусунун Достук айылынын тушунда эки ирет ок атылды.

Ал эми Лейлек районунун Максат айылында жай тургундардын унааларына жана Достук айылында ок атылды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

УКМКнын чек ара кызматы жарандарды социалдык тармак аркылуу такталбаган, дүрбөлөңгө сала турган маалыматтарды таратпоону өтүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8545