Баткендеги кагылышта дайынсыз болгон Дастан Анарбековдун апасы президентке кат жолдоду
RU

Баткендеги кагылышта дайынсыз болгон Дастан Анарбековдун апасы президентке кат жолдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткенде атуулдук милдетин аткарып жүргөн 21 жаштагы Дастан Анарбеков дагы деле дайынсыз болууда. Жоокердин жакындарынын айтымында, бүгүнкү күндө барбаган, издебеген жери калган жок.

Издөө иштеринен жыйынтык болбогонуна байланыштуу жоокердин апасы президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кат жолдоду. Анда издөө иштерин жеке көзөмөлгө алууну өтүнөт жоокердин апасы.

Буга чейин Дастан Анарбековдун жакындарына ал каза болду деген кабар келген. Кийинчерээк каза болгон жоокер башка экени такталып, Дастанды издөө үчүн атасы Баткенге жөнөп кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8551