"Тесттик режимде барып келдик". Эрбол Султанбаев АКШга барган учак боюнча үн катты
RU

"Тесттик режимде барып келдик". Эрбол Султанбаев АКШга барган учак боюнча үн катты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаровдун АКШга иш сапары менен барган учагы кызуу талкууга алынган. Буга байланыштуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирүү жасады.

Ал белгилегендей, Садыр Жапаровдун БУУНун Башкы Ассамблеясынын жалпы дебаттарына жеке өзү катышуусу боюнча чечим эң акыркы убакта кабыл алынган.

"Акыркы окуяларга байланыштуу мамлекет башчы дүйнөлүк бийик трибунадан дүйнө коомчулугуна чек арадагы кырдаал боюнча чындыкты, объективдүү маалыматтарды, маселенин таржымалын жеткиргени туура деген бүтүмгө келди. Бул иш сапар башталганда кызуу талкууланган теманын бири - президенттин учагы болду. Ушуга байланыштуу, айрым тактоолорду киргизип кетким келет. Жылдын башында Кыргызстан чет элдик сапарлар үчүн жаңы учак сатып аларын билдиргенбиз. АКШга Bombardier Global Express XRS учагы менен акысыз, тесттик режимде барып келдик. Кыргыз тарап болгону күйүүчү май менен камсыздады. Эгер кыргыз тарапты бардыгы канааттандырса, анда бул учакты лизингге сатып алуу тууралуу макулдашылган", - дейт Султанбаев.

Президенттин басма сөз катчысы бул учак №1 борт катары чет өлкөлүк сапарларга чакан делегация менен чыгууга пайдаланыларын белгилейт.

"Учактын чыгымдары учурда колдонуудагы ТУ-154кө караганда өтө аз, үнөмдүү келет. Анын үстүнө ТУ-154 күйүүчү майды көп сарптаганы аз келгенсип, эскилигинен улам Европага, Америкага жете албайт. Учуу мөөнөтү дагы аяктаган. Азыркы учурда Bombardier Global Express XRS учагын лизингге сатып алуу боюнча акыркы чечим кабыл алына элек", - деп жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8555