"Рустам менен Тай-Мурасты Баткенге өзүбүз жибердик" дейт президент
RU

"Рустам менен Тай-Мурасты Баткенге өзүбүз жибердик" дейт президент

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Интернетке президенттин уулу Рустам Жапаров жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Тай-Мурастын Баткенде жүргөн сүрөттөрү тараган. "Кабар" маалымат агенттигинин журналисти Садыр Жапаровдон маек алып, Рустам менен Тай-Мурастын Баткенге кандай максатта барганын сурады.

Ошондой эле депутаттар дагы аскер кийимдерин кийип Баткенде жүргөн сүрөттөрүн чыгарганы пиар эмеспи деп кызыкты.

"Рустам менен Тай-Мурас пиар кылгыдай бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана "Силердин карапайым балдарыңардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо так маалыматты бизге жеткирип тургула" деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8573