Конституцияны издеп жатышпады беле, эсиңердеби? Эми авторлорун таппай убара
RU

Конституцияны издеп жатышпады беле, эсиңердеби? Эми авторлорун таппай убара

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптештеринен ким жаңы Конституциянын долбоорун демилгелегенин ачык айтууну суранышты.

Бүгүн, парламенттин пленардык жыйынында Рыскелди Момбеков, Мыйзам долбоорду 80 депутат демилгелегенин эскертти. "Мына алдыга чыгып, Биз баштаганбыз", деп айткыла. Авторлору бар да, туурабы? Силер Конституциялык кеңешке, эл талап кылды, деп шылтап жатасыңар. Силер ошону менен элди алдап жатасыңар", - деп нааразы болду.

Анын айткандарына Наталья Никитенко да кошулду. "Демилгелегендер лингвистикалык мүчүлүштүктөр бар экен деп жатышат. Бирок бул лингвистикалык ката эмес, бул тарыхый ката.

Бизде Конституциянын жоболорун өзгөртүү нормалары бар, бирок жаңы Конституцияны кабыл алуу эмес. Талкууга алуулардын ортосунда интервал сакталууга тийиш. Эл сунушталгандарды окуп, изилдеп жетишиш керек. Азыр эми депутаттар өзүнө жоопкерчиликти алгысы келбей жатат, ким экенин айтышпай.

Таратылган документтерде кол тамгалар жок. Суроо: 2020-жылдын ноябрь айында сунушталган долбоорго 80 депутат кол койду беле? Көбү кол койгон эмеспиз, деп айтып чыгышкан. Бирок Конституциялык кеңеш иштеп чыккандан кийин бул таптакыр башка, жаңы Конституциянын долбоору. Силер көз карандысыз Кыргызстандын келечегин талкалап жатасыңар", - деди депутат.

Дастан Бекешев, ноябрь айынан бери көп нерсе өзгөргөнүн кошумчалады. Андан бери Максат Сабиров мандатын тапшырды, Алиярбек Абжалиев чет өлкөдө, Кубанычбек Жумалиев СИЗОдо, Алмазбек Акматов өтүп кетти. Анын айтымында, эгер жогоруда аты аталгандар мыйзам долбоорун көтөрүп чыккандардын катарында болсо, анда бул документти юридикалык документ деп эсептөөгө болбойт. "Авторлор белгисиз. Биз азыр эмнени талкуулап жатабыз түшүнүксүз", - деп суроо узатты.

Евгения Строкова айрым кесиптештер "эл каалап жатат" деген сөзгө таяна беришет. "Бизди деле эл шайлаган, анда эмне үчүн өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча бизге чектөөлөр коюлат?

Ооба, эл президенттик башкаруу формасын тандап алды. Бирок сунушталып жаткан Конституциянын долбоору монархиялык башкарууну көрсөтүп жатат. Элдин талабы дагы мыйзам чегинде болууга тийиш.

Азыр эл чыгып жерди басып алып, аларга өткөрүп берүүнү талап кылды. Биз эмне ошолордун айткандарын аткарышыбыз керекпи?", - деп депутат сурады.

Депутат Айгерим Бешимбаева Негизги мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыккандардын бири ал экенин айтып, авторлордун тизмесинен атын чийип салууну суранды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/847