Россияда мобилизациялангандарга 300 миң рубль жана башка жеңилдиктерди берүү сунушталууда
RU

Россияда мобилизациялангандарга 300 миң рубль жана башка жеңилдиктерди берүү сунушталууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын депутаттары жарым-жартылай мобилизацияга тартылган жарандарга 300 миң рубль өлчөмүндө бир жолку төлөм белгилөөнү сунушташты. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары билдирди.

Андан тышкары мобилизацияланган жарандарга аскер кызматын өтөп жаткан учурда төмөнкү артыкчылыктарды берүүнү сунушташты.

  • Ипотека жана кредиттеринин пайыздарынан бошотуу

  • Турак жай-коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөөдөн жана капиталдык оңдоого төгүмдөрдөн бошотуу

  • Үч жашка чейинки балдарына ай сайын пособие төлөө, ошондой эле мобилизацияланган жарандын кош бойлуу аялына жөлөкпулдарды белгилөө

  • Мүлк салыгынан бошотуу

  • Автотранспорт каражаттарынын жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу (ОСАГО) наркынын 50% өлчөмүндө компенсацияны белгилөө

  • Мектепке чейинки билим алууда көзөмөл жана кам көрүү үчүн ата-энелердин төлөмдөрүнөн бошотуу

Россияда 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыяланды. Согуш аймагына 300 миң запастагы жоокер жиберилет деп болжолдонууда.

Ушундай учурда мигранттарда эгерде Россиянын жарандыгы жок болуп, ага карабай чакыруу келип же мажбурлоо болсо да келишимге кол койбоону сунушташат. Андай болбосо сизди согуш талаасына жиберет жана эч ким сиздин өмүрүңүзгө кепилдик бере албарын эскертишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8597