Мобилизация деген эмне? Россиядагы мобилизацияга кимдер тартылат, жана кандай коркунуч бар
RU

Мобилизация деген эмне? Россиядагы мобилизацияга кимдер тартылат, жана кандай коркунуч бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда өлкөдө жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Дегеле мобилизация деген эмне жана ага кимдер тартылат.

Мобилизация - Согуш мезгилиндеги муктаждыктардан улам өлкөнүн Куралдуу Күчтөрдүнө күч кошуу. Тагыраагы карапайым калкты аскерликке, согуштук аракетке тарттуу.

Мобилизация массалык жана жарым-жартылай болуп бөлүнөт.

Массалык мобилизация - эмгекке жарамдуу бардык эркектерди Куралдуу Күчтөрдүн катарына кошуу жана экономиканы согуш абалына толук ыңгайлаштыруу максатында жүргүзүлөт.

Жарым-жартылай мобилизация - Куралдуу Күчтөрдүн айрым гана түрлөрүн жана аскердик өндүрүштүн айрым тармактарын тез арада чыңдоо, ошондой эле тынчтык мезгилинде аскердик милдетти аткаруу үчүн армиянын катарларын толуктоо максатында жүргүзүлөт.

Куралдуу кагылышуу саясатын кабыл алган өлкөлөр башка өлкөлөргө аскерий кысым көрсөтүү жана коркунучтарды көрсөтүү үчүн мобилизацияны колдонушат.

Ошентип Владимр Путин жарыялаган мобилизация жарым-жартылай болуп эсептелет.

Россиянын президентинин алдындагы адам укуктары боюнча кеңештин мүчөсү Кирилл Кабанов орус паспортун алган, бирок армияда кызмат өтөөнү жана Украинага каршы күрөшүүнү каалабагандарды орус жарандыгынан ажыратууга чакырды. Буга Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан келген жана ал жакта 10 жылга жетпеген убакыт жашаган мигранттар кириши мүмкүн.

Жада калса контракт менен Россиянын аскери болууга макул болгон мигранттарга орус жарандыгын берүүнү убадалап жатышат.

Бул жагдай Россиянын жарандыгын алып, ал жакта иштеп жүргөн кыргызстандыктарды тынчсыздандырып жатат.

Россиянын жарандыгы жоктор да коркунучта турбы?

"Настоящее время" маалымат каражаты маалымдагандай Россиядагы курулуш компанияларынан кол алдында иштеген 18 жаштан 60 жашка чейинки бардык эркек жумушчулардын тизмесин берүүнү талап кылып жатышат. Ошол эле маалда бир топ мигранттар ыктыярдуу аскер кызматын өтөө үчүн келишим түзүүгө милдеттүү экенин айтышкан.

Ушундай учурда мигранттарда эгерде Россиянын жарандыгы жок болуп, ага карабай чакыруу келип же мажбурлоо болсо келишимге кол койбоону сунушташат. Андай болбосо сизди согуш талаасына жиберет жана эч ким сиздин өмүрүңүзгө кепилдик бере албарын эскертишет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8581