"Акча бар". Каржы министрлиги чек арачылардын маянасын көтөрүү тууралуу
RU

"Акча бар". Каржы министрлиги чек арачылардын маянасын көтөрүү тууралуу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын чек арачыларынын айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, жакында эле президенттин жарлыгы менен чек арачылардын айлык маянасы көтөрүлгөн. "1-октябрдан тарта чек арачылардын жылдык эмгек акы фонду 80%га чейин көтөрүлөт. Бул үчүн бизде акча бар", - деди ал.

Эске салсак, 2022-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандын аскер кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин маянасы жогорулайт. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8598