Аскер жана милиция кызматкерлеринин маянасы көбөйөт. Президент жарлыкка кол койду
RU

Аскер жана милиция кызматкерлеринин маянасы көбөйөт. Президент жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2022-жылдын 1-октябрынан тарта Кыргызстандын аскер кызматкерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка бүгүн, 19-сентябрда Садыр Жапаров кол койгонун президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди.

Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-октябрынан тартып прокуратура кызматкерлерин кошпогондо, Кыргызстандын аскер кызматчыларына жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кызмат өтөө үчүн үстөктөрү жылдык эмгек акы фондунун 80% чейин жогорулатуу тапшырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8508