Кыргыз-тажик чек арасына видеокамералар орнотулат
RU

Кыргыз-тажик чек арасына видеокамералар орнотулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасына видеокамералар орнотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

"Кыргызстан менен Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар ​​көп катталуучу тилкелерге видеокамералар орнотууну макулдашты. Чек араны коргоону мобилдик чек ара отряддары жүргүзөт. Алар белгиленген жана макулдашылган каттамдар боюнча чек араны так аткарышат", - деп айтылат маалыфматта.

Белгилей кетсек, кечээ УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын УКМК жетекчиси Саймумин Ятимов менен жолугуп эки тараптан үчтөн постту жана бирден заставаны алып салуу тууралуу протоколго кол койгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8601