IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Улакчылардын минген аттары Түркияга жеткирилбейт
RU

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Улакчылардын минген аттары Түркияга жеткирилбейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган улакчылар ижарага алынган аттар менен оюн көргөзүшөт. Бул туурасында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлашат.

Министрликтен белгилешкендей, көк бөрү оюнуна Кыргызстан толук кандуу даярданган. Тагыраагы, бардык авиакомпаниялар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

"Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жалгыз гана "Муалем Авиейшн" компаниясы белгиленген шарттарда гана аттарды алып барып, кайра алып келүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Алдын ала сүйлөшүүлөр боюнча, аттар 27-сентябрда учак менен жеткирилип, кайра Кыргызстанга 3-октябрда алынып келмек. Бирок Түркия тарап көк бөрү көчмөндөр оюндарында расмий мелдеш катары киргендиги тууралуу маалыматты кеч берген. Мындан улам "Муалем Авиейшн" компаниясынын каттамын башка тараптар ээлеп алгандыгы белгилүү болгон. Улакчылардын тулпарларын кайра Кыргызстанга алып келүү 2 аптадан кийин гана мүмкүн болуп калмак. Мындай узак мөөнөткө аттарды Түркияда кармоо шарты Кыргызстан үчүн туура келбегендиктен оюнга катышуу үчүн аттарды Түркиядан ижарага алуу чечими чыккан", - дешет маалымат кызматынан.

Ушундай эле маселеге Казакстандын да командасы туш болду. Маалыматка ылайык, аталган авиакомпания Кыргызстандан 24, Казакстандан 15 атты алып кетмек. Бүгүнкү күндө Кыргызстан да, Казакстан да аттарды ижарага алышты. Оюнчулар көчмөндөр оюндарына катышууга толук даяр экенин кошумчалашты министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8604