Келерки жылы Бишкекте 5 айланма жол курулат
RU

Келерки жылы Бишкекте 5 айланма жол курулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Келерки жылы Бишкекте 5 жол түйүнү курулат. Бул тууралуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана турак-жай комплексин куруу боюнча комитетинин жыйынында мэриянын Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

Анын айтымында 2023-жылдын март айынан тарта жолчыраксыз шакекче көпүрөлөр курула баштайт. Учурда "Бишкек главархитектура" ишканасы тарабынан берилген эскиздер кытай тарап менен макулдашылып жатат. Долбоордун жалпы суммасы бир миллиард юань.

Андан тышкары Кытай грантынан сырткары мэриядан жылына 500-600 миллион сом акча бөлүнүп, ага жылына 30-40 чакырым жол салынат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8617