Нурлан Мотуев ага кол салгандар кимдин буйругун аткарганын айтты
RU

Нурлан Мотуев ага кол салгандар кимдин буйругун аткарганын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурлан Мотуев ага кол салгандар боюнча жана окуя тууралуу айрым жагдайларды айтты. Айтымында, аны кримтөбөл Камчыбек Көлбаевдин адамдары сабап кетишкен.

"Ооруканадан кайрылуу жасап жатам. Мага кокусунан кол салышты үйүмдүн жанынан. Мен милицияга бул Көлбаевдин буюртмасы кармагыла дегем. Милиция Көлбаевди кармаганы барса ал чет өлкөгө качып кетиптир. Аны чек арадан кармап, суракка сүйрөп келерин айтышты", - дейт ал.

Мурдагы саясатчы кримавторитеттен коркпой турганын, мыйзам болбосо аны дуэлге чакырарын кошумчалады.

Буга чейин Бишкектеги борбордук мечиттин жанынан Нурлан Мотуевди белгисиз адамдар сабап кетишкен. Кийинчерээк шектүү катары Мотуевдин эски таанышы кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8627