Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалып, уруштун себеби айтылды
RU

Нурлан Мотуевди сабаган жаран кармалып, уруштун себеби айтылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги борбордук мечиттин жанынан Нурлан Мотуевди сабаганга шектүү кармалды. Ички иштер министрлигинен кабарлашкандай, кармалган жаран мурда сот жообуна тартылган.

Маалым болгондой, Нурлан Мотуев Свердлов РИИБине арыз менен кайрылган. Ал 18-сентябрда болжол менен саат 12:40 чамасында белгисиз 3 адам ага карата күч колдонуп, уруп-сабап, барсеткасын тартып алганын (барсеткада телефон, паспорту, пенсиялык күбөлүгү жана 32 000 сом болгон) билдирген.

Аталган факты 207-берене (Каракчылык) боюнча каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын алкагында Жалал-Абад облусунда 1987-жылы туулган Б.И. аттуу жаран кармалды. Ал унаа уурдагандыгы үчүн жана каракчылык кылгандыгы үчүн жоопко тартылып, 2014-жылы Бишкек шаарындагы Кызыл-Аскердеги №32 колониясына киргизилген. Ал Нурлан Мотуев менен 2016-жылы Кызыл-Аскердеги №32 отурукташ колониясында таанышкандыгы белгилүү болду.

Алгачкы ыкчам тергөө процессинин жүрүшүндө кармалган жаран Н. Мотуевди алты жылдан бери жакшы таанып, жашаган жерин билери такталды. Ортодогу пикир келишпестиктен улам Б.И. өч алуу максатында Мотуевди сабап кеткендиги аныкталды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда анын шериктерин аныктоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдиришти мекемеден.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8535