Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси 2 ящик автоматты парламентке көтөрүп келди
RU

Мадумаров: Коопсуздук кызматынын жетекчиси 2 ящик автоматты парламентке көтөрүп келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Адахан Мадумаров мыйзам долбоорлорун кароону токтото туруп социалдык маанилүү суроолорго өтүүнү сунуштады. Ал бир күн мурда облустук телеканалдан кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сюжет көрсөтүлүп ызы-чуу башталганын айтты.

"Кыргыз-Өзбек чек арасы боюнча Кемпир-Абад суу сактагычы кетиптир деп катуу ызы-чуу болуп жатышат. Өткөндө эле 5 айыл өкмөттүн тургундары менен жолугушмайынча ушул маселени тоткотуп турсаңыздар деп суранышты эле. Президент да отурган, өкмөт да отурган, баары макул болгон. Бирок жең-учунан өткөрүп, кол койгону, аны теледен айтып жибергени өлкөдө аябай будуң-чаңды жаратып жатат. Ошондуктан биз мыйзамдарды кабыл алууну токтотсок. Өлкөдө түзүлгөн кырдаал оңой эмес, өлкөдөгү эле эмес Жогорку Кеңештеги кырдаал да жеңил эмес. Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси 2 ящик автоматты парламентке алып келгени бул жапайычылык", - деди ал.

Адахан Мадумаров буга баа берүү керектигин, антпесе парламент өз милдеттерин аткарбаган болот деп кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу басып кириши боюнча жыйынына депутат Жусупбек Коргонбай уулу муляж автоматын алып келген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8632