Чек ара жаңжалынан жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сунушталды
RU

Чек ара жаңжалынан жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотуу керек. Ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тарта 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн бошотулат. Мындай сунушту Экономика жана коммерция министрлиги киргизди.

Маалыматка ылайык, мындай жеңилдик Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде 2022-жылдын 1-сентябрына чейин каттоого тургандарга жана куралдуу жаңжал болгон аймактардагы ишканаларга берилет. Ага тоо-кен өндүрүшү, күйүүчү май сатуучу ишканалар жана куралдуу жаңжал болбогон аймактар кирбейт.

Ошондой эле жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Эске салсак, чек ара жаңжалынан кыргыз тараптан 640 турак жай, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлуп, талкаланган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8692