Доскул Бекмурзаев министрлик кызматынан бошотулду
RU

Доскул Бекмурзаев министрлик кызматынан бошотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Маалыматты бүгүн, 3-октябрда президенттин администрациясынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Башкы прокуратура энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу боюнча 2 кылмыш ишин ачкан. 14-сентябрда Бекмурзаев тергөө иштерине байланыштуу энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилип, анын милдетин аткаруу Таалайбек Ибраевге жүктөлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8697