Энергетика министринин милдеттерин аткаруу Таалайбек Ибраевге жүктөлдү
RU

Энергетика министринин милдеттерин аткаруу Таалайбек Ибраевге жүктөлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент кол койгон жарлыкка ылайык, энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан убактылуу четтетилди. Министрдин милдетин аткаруу Таалайбек Ибраевге жүктөлдү. Мындай маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Таалайбек Ибраев буга чейин министрдин орун басары болуп келген.

Бүгүн, 14-сентябрда Доскул Бекмурзаев Башкы прокуратуранын тергөө иштерине байланыштуу энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8377