Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров Өзгөнгө барышты
RU

Кемпир-Абад маселеси: Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Адахан Мадумаров Өзгөнгө барышты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 4-октябрда президент Садыр Жапаров жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Өзгөн районунун тургундары менен жолугуп жатышат.

Жыйынга башкы прокурор Курманкул Зулушев менен депутат Адахан Мадумаров да катышты.

Райондук акимчиликтин имараттарынын жанына чогулган тургундар "Бийлик, Кемпир-Абаддан колуңду тарт!", "Кемпир-Абадды эл чечет!", "Жерден көрө жан берген жакшы!", "Протоколдорду жокко чыгар!" деген жазуулар менен чогулушту.

Президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жыйынга айрымдарын киргизбей жатат деген маалыматты четке какты.

"Жергиликтүү тургундарды жыйынга киргизбей жатышат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Кечке чейин кабыл алынат, маалымат ала алышат. Эч кандай чектөө жок. Жада калса Адахан Мадумаровго жана анын тарапташтарына сөз берилип жатат", - деди ал.

Ал ортодо социалдык тармактарда полиция имаратты курчоого алганын жазышууда. Шаардыктар нааразычылыгын билдирип, президент алардын алдына чыгып, суроолоруна жооп беришин талап кылып жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8711