"Дастан Анарбеков болушу мүмкүн". Баткенде аскер кызматкеринин дене калдыктары табылды
RU

"Дастан Анарбеков болушу мүмкүн". Баткенде аскер кызматкеринин дене калдыктары табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды. Маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынын кабарлашып, азырынча маркумдун аты-жөнү тактала электигин билдиришти.

14-17-сентябрда Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийинки ыкчам-иликтөө иш-аракеттеринин жүрүшүндө Чек ара кызматынын бронежилетин кийген аскер кызматкеринин денесинин калдыктары табылды.

"Тилекке каршы, дененин сырткы бөлүгүнүн 90 пайыздан ашыгы жабыркагандыктан анын аты-жөнүн дароо аныктоо мүмкүн болбоду. Жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертиза табылган дене дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүндүгүн аныктады. Анарбековдун туугандары соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен макул болбогондугуна байланыштуу тиешелүү иликтөө органдары тарабынан каза тапкан адамдын өздүгүн аныктоо жана анын туугандары менен туугандык байланышы бар экендигин аныктоо максатында генетикалык-экспертиза (ДНК-тест) өткөрүүгө Казакстандагы лабораторияга керектүү материалдар жөнөтүүгө даярдалды. ДНК-тесттин жыйынтыгы каза тапкан аскер кызматкердин ата-энесине жана жакын туугандарына маалымдалат", - дешет мекемеден.

Генетикалык экспертизанын жыйынтыгы чыкканга чейин лейтенант Дастан Анарбековду издөө иш-аракети улантыларын кошумчалашты мекемеден.

Белгилей кетсек, Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Баткенде атуулдук милдетин аткарып жүргөн 21 жаштагы Дастан Анарбеков дайынсыз болуп изделип жаткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8726