Ташиевдин парламентке автомат алып барганы боюнча президент: Эмоцияга алдырып койду
RU

Ташиевдин парламентке автомат алып барганы боюнча президент: Эмоцияга алдырып койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине кезектеги маегин берди. Анда ал чек ара, Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроолорго жооп берди.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңешке эки ящик курал алып барганы боюнча президент буларга токтолду.

"Депутаттар "Баткен бүтө электе маалымат бергиле" деп чакырышкан экен. "Аскерлердин октору жок экен. Автоматтары жетпейт экен" деген сөздөр болуп, "Ташиев эмне кылып атат, разведкасы иштебей жатат" деген сындар болуптур. Анан "мына силерге автомат" деп алып барса керек. Албетте, парламентте эмес, барам деген депутаттарды алып барып, Баткенден берсе болмок. Бул жагынан кичине ката кетирди. Бирок ошол мезгилде анын акыбалын деле туура түшүнүш керек. Кан кечип жүргөн жеринен түз учуп келди. Анан эмоцияга алдырып койду".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8775