Садыр Жапаров: Мен бийликте канча отурсам, Ташиев дагы ошончо отурат
RU

Садыр Жапаров: Мен бийликте канча отурсам, Ташиев дагы ошончо отурат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев экөөнүн учурдагы мамилеси боюнча "Кабар" маалымат агенттигине айтып берди. Журналист өлкө башчыдан "экөө бийлик талашып жатат" кептер боюнча комментарий берүүнү суранды.

"Биринчиден, экөөбүз эч качан урушпайбыз. Урушканга мен жол бербейм. Экинчиден, "бийлик талашып жатат" деген калп сөз. Мен кандай буйрук берсем, дал ошондой кыйшаюусуз аткарат. Анткени мен жеке кызыкчылыгым үчүн кандайдыр бир иш жөнүндө буйрук бербейм. Бир гана мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн болот. Үчүнчүдөн, экөөбүздү уруштура албай эки жылдан бери түн уйкусу жок иштеп жаткан топтор бар. Баарын билебиз. Алар "Ташиев кадр чечип жатат. Ташиев президент болгусу келип жатат" дей беришсе эле мен аларга ишенип, кызганып Ташиевди кызматтан ала коймок белем. Мен бийликте канча олтурсам, Ташиев дагы ошончо олтурат. Эң негизгиси мамлекеттин, элдин кызыкчылыгына каршы келген иштерди жасабасак болду", - деди Жапаров.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8776