Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөр убактылуу жабылат
RU

Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөр убактылуу жабылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин расмий иш сапарына байланыштуу 11-12-октябрда Бишкекте жана Чүйдө айрым жолдор убактылуу жабылат. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашкандай, жолдор кортеждер өтүүчү убакытка гана жабылат.

Төмөнкү жол тилкелеринде кыймылга убактылуу чектөө киргизилет:

  • "Манас" аэропортунан (Фучик көчөсү) Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсүнүн Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Манас жана Ч. Айтматов кең көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Байтик Баатыр көчөсүнүн мамлекеттик резиденциядан А.Токомбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматов кең көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин;
  • Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан "Ала-Арча" жаратылыш паркына чейин.

Башкармалыктан киргизилген чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, тыгындарды болтурбоо үчүн жол эрежелерин жана жүрүм-турум маданиятын сактоону айдоочулардан суранат. Ошондой эле шаар боюнча жана "Манас" аэропортуна чейин кыймылды алдын ала пландап алууну сунуштайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8797