Өлкөдө психикалык оорулар күч алып, жаштар арасында көбөйүп жатканы маалымдалды
RU

Өлкөдө психикалык оорулар күч алып, жаштар арасында көбөйүп жатканы маалымдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда психикалык оорулар менен жабыркагандар көбөйгөнүн маалымдайт. Мекеменин маалыматына караганда, жаштар арасында психикалык бузулуулар барган сайын көбөйүүдө.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө стационардык көзөмөлдө 54 миң 453 адам каттоодо турат. Бирок бул расмий гана цифралар жана калктын психикалык саламаттыгынын толук картинасын чагылдырбайт.

Адистер белгилешкендей, коронавирустук пандемия, куралдуу кагылышуулар жана экономикалык кризис неврологиялык оорулардын, тынчсыздануунун жана дүрбөлөңдүн көбөйүшүнө алып келет. Ар кандай стресс фактору – терс маалыматтын ашыкча болуусу, айлана-чөйрө, коомдук-саясий кырдаалдар адамга таасир этип, психиканын адаптациясын жана кандайдыр бир бузулууларды жаратышы мүмкүн.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистери психологиялык бузулуулардын алгачкы белгилери байкалган жарандарды дарыгерлерге кайрылууга чакырат.

Аталган борбордо психиатрлар, психологдор да иштейт. Акысыз консультация алууга болот. Болгону документтер керектелет. Психроникалык оорулар менен ооругандарды дарылоо акысыз. Психосоматикадан жапа чеккен адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер программасы бар.

Психикалык ден соолуктун республикалык борбору аптасына 7 күн тынымсыз иштейт. Дем алыш жана майрам күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер иштейт.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8811