Сот "Ансар-Групп" кооперативинин жетекчилеринин баш коргоо чарасын тандады
RU

Сот "Ансар-Групп" кооперативинин жетекчилеринин баш коргоо чарасын тандады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык соту "Ансар Групп" кооперативинин жооптуу жетекчилеринин баш коргоо чарасын карап, алардын бирин үй камагына чыгарды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, кооперативдин республика боюнча жетекчиси Ш.Э. бир айга камакта калтырылды. Ал эми Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси С.уулу А. үй камагына чыгарылды.

Бүгүнкү күндө аталган кооперативдин үстүнөн 74 арыз түшүп, келтирилген чыгым 63 миллион сомдон ашат. Жабырлануучуларлын арасында 5 миллион сомдон ашык акча бергендер бар.

Белгилесек, "Ансар Групп" коммерциялык эмес керектөөчү кооперативине жана андагы тиешелүү жооптуу адамдарга туура юридикалык баа берүү максатында 209-беренеде каралган кылмыштын белгилери менен иши козголуп, тергөө амалдары башталган. 9-октябрда шектүү катарында аталган кооперативдин республика боюнча жетекчиси 1994-жылы туулган Ш.Э. жана аталган кооперативдин Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси 1995-жылы туулган С. уулу А. кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8826