Оштогу "Биринчи турак жай" кооперативинин жетекчиси камакка алынды
RU

Оштогу "Биринчи турак жай" кооперативинин жетекчиси камакка алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Оштогу "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес турак жай кооперативинин жетекчиси камакка алынды. Шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, ал тергөө иштерине байланыштуу 1 айга камалды.

Март айынан бери тергөө кызматы тарабынан "Биринчи турак жай" коммерциялык эмес кооперативинин жетекчилерине жана уюштуруучуларына карата алдамчылык жана ишенип берилген мүлктү мыйзамсыз ыйгарып алуу, акча каражатын ысырап кылуу боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Тергөөнүн жүрүшүндө көптөгөн арыз-даттануулар келип түшкөн. Бүгүнкү күндө аталган коммерциялык эмес кооператив тарабынан жалпы 18 миллион 188 миң 260 сом зыян келтирилген. Сотко чейинки тергөөнүн алкагында аталган кооперативдин жетекчиси кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7572