Жоробектин ролу менен таанылган актёр: "Министрдин кызынын махабатына" тартылгым келген
RU

Жоробектин ролу менен таанылган актёр: "Министрдин кызынын махабатына" тартылгым келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Министрдин кызынын махабаты" тасмасында Жоробектин ролу менен белгилүү болгон актёр Аскат Эрбаев ишканасы менен тааныштырып, чуу жараткан роль боюнча Kaktus.kg сайтына айтып берди.

Актёр 3 жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, командасы менен үйлөрдүн, имараттардын сыртын жасалгайт.

"Сүрөттү жакшы тартчумун, ошол талантым ичимде жашап келе берди. Сүрөткө болгон табитим ушул нерсе менен алектенүүгө түрткү болду. 3 жыл мурда досум экөөбүз баштаганбыз, азыр командабызда кол өнөрчүлөр көбөйүп калды", - дейт ал.

Актёрдук кесиби жана "Министрдин кызынын махабаты" тасмасынын 4-бөлүгүнө тартылбаганы боюнча буларга токтолду.

"Чоң фильмдерге тартылууга убактым болгон жок, бирок кыска метраждуу тасмаларга, клиптерге тартылып жүрдүм. Жумушту баштап алгандан кийин ар кайсы жакта жүрө бербей бир иштин өтөөсүнө чыгалы дедик. Бул дагы чыгармачылык, изденүү. Чыгармачылыктан алыстаган жокпуз. Эл экрандан көрүнбөй калганым үчүн чыгармачылыктан алстап кетти деп ойлосо керек. Бирок мен чыгармачылыктын чордонунда жүрөм. Ал эми "Министрдин кызынын махабатына" тартылгым келген. Бирок чоң буюртма түшүп, бир айга катуу иштеш керек болуп калды. Рустам байкеге (ред.: Аташов) "бир айлык жумушум чыгып калды, ошону бүтүргөндөн кийин баштайлы, чогуу-чаран тарталы" дедим. Тилекке каршы, болбой калды", - дейт ал.

Аскат Эрбаев тасманы көргөндөн кийин өз баасын берерин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8829