Рустам Аташов: Аскат Эрбаев бир айлык кирешесин төлөп берсек тасмага тартыларын айтты
RU

Рустам Аташов: Аскат Эрбаев бир айлык кирешесин төлөп берсек тасмага тартыларын айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Министрдин кызыныны махабаты" тасмасынын 4-бөлүгү учурда кинотеатрларда көрсөтүлө баштады. Тасманы тартуу учурунда бир катар сын-пикирлер айтылып, Аскат Эрбаевдин тартылбай калганына нааразы болгондор четинен чыккан. Режиссёр Рустам Аташов Жоробектин ролун эмнеге башка актёр аткарып калганын Kaktus.kg сайтына айтып берди.

"Тасмада Жоробек жок турбайбы деп жатышат. Жоробек деген каарман бар, болгону актёр башка. Мурда Аскат Эрбаев роль ойносо, бул жолу казакстандык Берик Арыкбаев образ жаратты. Тасманын уландысына мурдагы актёрдук курамдын 99 пайызы тартылды. Актёр алмашып кетти деп трагедия кылбаш керек. Казак актёру Жоробектин ролун жеткире аткарды. Эгер аткара албаса мен бул тасманы тартпайт болчумун", - дейт режиссёр.

Айтымында, Аскат Эрбаевдин тасмага тартылбай калуусуна бир нече себеп болгон. Мындан улам тартуу иштери 10 күндөй токтоп калган.

"Негизги себептердин бири - Аскат бизнес менен алектенип, 1 айга буюртма алып алган экен. Бирок 2 күн тартуу иштерине катышып, 6 эпизод түшүргөнбүз. Андан кийин бошобой калганын билдирди. Мага да Аскаттын тартылганы жакшы болчу. Эл үчүн тартылып койбойсуңбу дедим. Тасмага тартылып жаткан улуу муундагы актёр, актрисалар да Аскат өзү тартылсын дешип, сүйлөшүп көрүштү. Бирок зарыл жумуштары бар экенин айтып макул болгон жок. Ал буюртмадан таба турган кирешени төлөп берсек тасмага тартылам деди. Бизнестен таба турган бир айлык кирешени тасма аркылуу таба албайсың да. Анан аргасыздан башканы тартам десем "макул" болуп, кол алыштык. Бул жерде актёр менен режиссёр урушуп кетип, тартылбай калды деген сөз болбошу керек", - деп билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8658