Садыр Жапаров Азербайжандын президентине өзгөчө белек берди
RU

Садыр Жапаров Азербайжандын президентине өзгөчө белек берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Азербайжандын президенти Ильхам Алиевге анын атасы Гейдар Алиевдин Кыргызстанга келген сүрөттөрү бар альбомду белекке берди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Гейдар Алиев Азербайжанды 1993-жылдан 2003-жылга чейин башкарган. Ден соолугуна байланыштуу 2003-жылы көз жумган.

Эскерте кетсек, кечээ, 11-октябрда Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Аны "Манас" аэропортунан Садыр Жапаров өзү тосуп алды. Мамлекеттик сапарынын алкагында Кыргыз-Азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8832