Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады
RU

Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапары аяктады. Маалыматты президенттин администрациясынан билдиришти.

11-октябрда Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери тар жана кеңейтилген курамда мамлекеттер аралык кеңешинин биринчи отурумунда эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле аларды мындан ары өнүктүрүүнүн жана натыйжалуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Садыр Жапаров менен Ильхам Алиев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттангандыгын билдиришип, анын жыйынтыгында эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга багытталган бир катар документтерге кол коюлду.

Ушул эле күнү мамлекет башчыларынын катышуусунда Кыргыз-Азербайжан достук паркынын ачылышы болду.

12-октябрда Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин катышуусунда Бишкекте Азербайжан мамлекетинин негиздөөчүсү Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган жалпы билим берүүчү мектеп ачылды. Андан соң президенттер азербайжандык белгилүү акын Низами Гянджеви атындагы мектепте болушту.

Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында концерттик программа менен аяктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8843