Kloop, Азаттык, Kaktus.media сайттарын жабууну талап кылып 30 адам митингге чыкты. Видео
RU

Kloop, Азаттык, Kaktus.media сайттарын жабууну талап кылып 30 адам митингге чыкты. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 13-октябрда Бишкектеги "Азаттыктын" редакциясынын жанында митинг өтүүдө. Митингчилер Kloop, Azattyk жана Kaktus.media сайттарын жабууну талап кылып жатышат.

Митингге 30га жакын адам катышты. Алар Кыргызстандагы үч көз карандысыз басылманы - Азаттык, Kloop жана Kaktus.media сайтын жабууну талап кылышты. Мындан тышкары катышуучулар бул сайттарга чет элдик агенттер деген наам берүүнү талап кылышууда.

Белгилей кетсек, ушундай эле митинг январь айында Kaktus.media сайтынын редакциясында өткөн. Анда активдүү катышуучулардын бири Илимбек Исраилов менен Ыргалай Бекмуратова болгон. Аларды бүгүнкү митингде да көрүүгө болот.

Кечээ депутат Надира Нарматова көз карандысыз Kloop, Azattyk жана Kaktus.media басылмаларын жабуу талабы менен депутаттардын колдорун чогултуп жатканы белгилүү болгон. Кийинчерээк депутат мындай демилгени четке какты. Бирок анын бир нече кесиптештери муну тастыкташкан.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8859