Мирбек Атабеков Кыргызстанга кайтып келди
RU

Мирбек Атабеков Кыргызстанга кайтып келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жаңы жылдын алдында өлкөдөн чыгып кеткен ырчы Мирбек Атабеков Кыргызстанга кайтты.

7-8 мартта Бишкектеги ресторандардын биринде Аялдардын эл аралык майрамына карата уюштурулган иш чарага Мирбек Атабеков да катышат. Уюштуруучулардын айтымында, Атабеков Кыргызстанга келгенине бир нече күн болду. Алар берген маалыматка ылайык, ал 4-мартта эле Кыргызстанга конгон.

Эске салсак, ырчынын жубайы Мээрим Төлөпберген 4-январда, өзүнүн Twitter баракчасына өлкөдөн чыгып кеткендиги тууралуу пост жазган. Атабековдун күйөрмандары ал эмиграцияга кетип калды деп кооптонушкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/885